Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги максаттары, учурда аткарылып жаткан иштер жана келечектеги стратегиялык пландар тууралуу айтып берди. Ал тармакты модернизациялоодогу негизги беш багытка басым жасады. Биринчи багыт – суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. Бул үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну кеңири жайылтуу, суу каналдарын жанылоо жана реконструкциялоо, ошондой эле суу пайдаланууну толук санариптештирүү пландалууда.
Экинчи багыт– үрөнчүлүк, асыл тукум чарбачылык жана заманбап агротехнологияларды системалуу түрдө жанылоо.
Үчүнчү багыт – майда өндүрүүчүлөрдү кооперацияларга жана кластердик форматтарга бириктирүү. Себеби чакан чарбалар өз алдынча экспорттук рыноктун талаптарына көп учурда толук жооп бере албайт.
Төртүнчү багыт – кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү. Негизги максат – продукцияны чийки түрүндө сатпай, аны кайра иштетүү аркылуу кошумча наркты өлкөнүн ичинде калтыруу.
Бешинчи багыт – санарип башкаруу. Башкача айтканда, агроөндүрүш, ветеринария, фитосанитария, суу пайдалануу жана рыноктук маалыматтарды бириктирген агроплатформа аркылуу башкаруунун санарип моделине өтүү.
Вера Беделбек кызы, “Кыргыз Туусу”


