Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешмеси жыйынтыкталды

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешмеси жыйынтыкталды

Бүгүн, 28-апрелинде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Кеңешмеси өз ишин жыйынтыктады.

Жыйындын алдында делегация башчылары Жеңиш аянтындагы мемориалдык комплексте Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, «өчпөс отко» гүлчамбар коюшту. Андан соң алар Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров менен жолугушту.

Кеңешме Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетовдин төрагалыгы алдында өттү. Ал иш-чара ШКУнун 25 жылдыгына туш келип жатканын белгилеп, уюмдун негизги баалуулуктары — өз ара ишеним, тең укуктуулук жана коопсуздук экенин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар уюм алкагында коргонуу тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө, ачык диалогду өнүктүрүү жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин билдирип, биргелешкен аракеттер аркылуу тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу маанилүү экенин белгилешти.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар