Бишкек шаарындагы Ынтымак Ордо имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев туризм тармагындагы ири долбоорлордун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Чаткал Резорт” тоо курортун куруу долбоору каралды. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылып, 2026–2034-жылдарга пландалууда. Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жана туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.
Ошондой эле Ысык-Көл жээгинде “Чоктал Резорт” эл аралык туристтик комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул 5 жылдыздуу курорт жыл бою иштеп, заманбап технологиялар менен башкарылары күтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, “Чоктал Резорт” долбоорун ишке ашыруу 3 жылга пландалган. Ал жогорку деңгээлдеги тейлөөнү камсыздап, өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга багытталат.


