Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн май өсүмдүктөрү 14,8 миң гектар аянтка эгилери пландалууда. Анын ичинен 12,5 миң гектарына сафлор эгүү каралган.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы республика боюнча 8105 гектар жерге сафлор айдалып, 8112,2 тонна түшүм алынган. Орточо түшүмдүүлүк 10,1 центнерди түзгөн.
Өткөн жылы жаңы сорттор да сыноодон өткөрүлгөн. Россиядан алып келинген “Петрович” сорту гектарына 24 центнер, ал эми Түркиянын “Ника” сорту 17 центнер түшүм берген.
Сыноо иштери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн. Сафлор — негизинен май алуу үчүн өстүрүлгөн баалуу өсүмдүк. Анын уругунан алынган май тамак-ашта, косметикада жана медицинада колдонулат. Сафлор кургакчылыкка чыдамдуу болгондуктан, суусу аз аймактарда да жакшы өсөт. Ошондой эле топуракты жакшыртып, айыл чарбасында пайдалуу айланма эгин катары да маанилүү.


