Кыргызстан Африка биримдигинде байкоочу статусуна ээ болду. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүсүндө маалымдады.
Мамлекет башчысынын белгилөөсүндө, аталган макам өлкөгө үстүбүздөгү жылдын февраль айында ыйгарылган.
Ошондой эле Президент Кыргызстан менен Того эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүп келе жатканын белгиледи.
“Кыргызстан менен Того БУУ, Африка биримдиги сыяктуу эл аралык жана аймактык аянтчаларда кызматташып келе жатат. Кыргызстан тынчтыкты орнотууга, адам укуктарын сыйлоого, өнүгүп келе жаткан жана чакан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өзүнүн салымын кошууга умтулат”, – деди өлкө башчысы.


