Учурда “Ынтымак ордодо” Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Фор Эссозимна Гнассингбенин жолугушуусунун алкагында эки тараптуу бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.
Жолугушуунун жыйынтыгында жалпы сегиз документ кабыл алынды. Алардын катарында дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу тууралуу макулдашуу, инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө келишим бар.
Ошондой эле маданият, санариптик өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, жогорку билим берүү, айыл чарба жана саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Мындан тышкары, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу документ кабыл алынды.
Бул келишимдер Кыргызстан менен Тогонун ортосундагы саясий, экономикалык жана гуманитардык алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.


