Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу багыттарын кеңири талкуулашты. Өзгөчө энергетика, санариптештирүү, саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жана финансы секторлорундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө басым жасалды. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Африка Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.
Президент Садыр Жапаров Того өкүлүн жылуу тосуп алып, бул сапар тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, Того Африка континентинен Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы өлкө болуп саналат. Мамлекет башчысы мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуулар саясий диалогду бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.
“Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Того Батыш Африкадагы таасирдүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат жана аймактык уюмдарда активдүү роль ойнойт. Биз Того менен бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, — деп белгиледи Президент.
Өз кезегинде Фор Эссозимна Гнассингбе бул сапар эки өлкөнүн мамилелеринде жаңы этапты баштаганын белгилеп, Того Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал географиялык алыстыкка карабастан, эки өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктары жана максаттары окшош экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган келишимдер стратегиялык мааниге ээ болуп, келечектеги кызматташуунун негизин түзөт. “Бул келишимдер — акыркы чек эмес, бул башталышы гана. Эми негизги милдет — аларды натыйжалуу ишке ашыруу”, — деди Того өкмөт башчысы.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган конкреттүү кадамдарды жакын арада баштоого жана бул процесске тиешелүү мамлекеттик органдарды тартууга макулдашты. Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.


