Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Нинбо шаарында өткөн ШКУнун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү” форумуна катышты.
Форумда сүйлөгөн сөзүндө ал Кыргызстан “жашыл” экономикага жана туруктуу өнүгүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, экологиялык туруктуулук өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өсүшү үчүн маанилүү багыт болуп саналат.
Сапардын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Кытайдын жогорку өкүлү Шен Юэюэ менен жолугушуп, Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагындагы кызматташтык жана алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, Нинбо жана Вэнчжоу шаарларында өткөн бизнес форумдарда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, энергетикалык долбоорлору жана эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташуу жолдору тааныштырылды.


