Башкы беткеМаданиятМамлекеттик катчы “Кыргыз Туусунун” ишмердүүлүгү менен таанышты

Мамлекеттик катчы “Кыргыз Туусунун” ишмердүүлүгү менен таанышты

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн, тактап айтканда “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезиттеринин жана “Ала-Тоо”, “Байчечекей” журналдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал журналисттердин иш ордун көрүп, жамаат менен алдыдагы кызыктуу чыгармачыл долбоорлорду талкуулады.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанда өтө турган “Ысык-Көл” эл аралык форумунда маалыматтык коштоону жигердүү жүргүзүү боюнча пландар менен таанышты.

Арслан Капай уулу кыргыз кереметин кайра кайталоо, 21-кылымдын ортосунда Кыргыз ренессансын  жаратуу маселесин кенен чагылдыруу, жаш таланттарга дем берүү, шыктандыруу актуалдуу маселе экенин белгиледи.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар