Үстүбүздөгү жылдын 5–7-июнь күндөрү Бишкек шаарында XI International Dance Olympiad of Central Asia эл аралык бий олимпиадасы өтөт.
Иш-чара бий, спорт жана маданий ар түрдүүлүктү бириктирген ири платформа болуп, ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 5000ден ашуун катышуучу келет. Катышуучулар классикалык, элдик жана заманбап бий багыттарында өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Олимпиада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.
Бул иш-чара эл аралык тажрыйба алмашууга, жаңы таланттарды ачууга жана бий өнөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Олимпиада буга чейин да Борбор Азиядагы алдыңкы маданий платформалардын бири катары таанылган.


