Башкы беткеКоомБишкек 148 жылдыгын Ала-Тоо аянтында белгиледи

Бишкек 148 жылдыгын Ала-Тоо аянтында белгиледи

29-апрелде Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын 148 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү.

Салтанатка шаар мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, ошондой эле шаар жетекчилиги жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Мэр өз сөзүндө борбор калаа туруктуу өнүгүү жолунда экенин белгилеп, жаңы инфраструктуралык долбоорлор, жолдорду оңдоо жана заманбап объекттерди ишке киргизүү иштери активдүү жүрүп жатканын айтты. Ал Бишкек өлкөнүн негизги экономикалык жана маданий борбору катары өз позициясын бекемдеп жатканын баса белгиледи.

Майрамдык программа чыгармачыл топтордун концерттик номерлери менен коштолуп, “Вальс кечеси” аттуу ири фестиваль-конкурс өткөрүлдү. Анда миңге жакын бийчи катышып, аларды шаардык симфониялык оркестр коштоду.

Иш-чара улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусундагы чоң концерт менен жыйынтыкталды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар