2026-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында киргизилүүдө.
Жаңы шарттарга ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылынын тургундары үчүн өзгөчө жеңилдиктер сакталат.
Аталган аймактарда керектелген электр энергиясынын белгилүү бир бөлүгү Токтогул ГЭСи курулушунан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамга ылайык, өздүк нарк боюнча төлөнөт.
Министрликтин маалыматына караганда, тарифтерди кайра кароо энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыздоого жана электр энергиясынын баасын этап-этабы менен теңдештирүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн тарифтер салыктарды эсепке албастан берилет.




