Башкы беткеДүйнөПутин менен Трамп Украина жана Ирандагы кырдаалды талкуулашты

Путин менен Трамп Украина жана Ирандагы кырдаалды талкуулашты

Владимир Путин 29-апрелде Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва 9-май — Жеңиш күнү алдында Украинадагы атышууну убактылуу токтотууга даяр экенин билдиргенин маалымдады. Сүйлөшүү Россия тараптын демилгеси менен өтүп, бир жарым сааттан ашык убакытка созулган. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков баарлашуу достук жана ачык маанайда өткөнүн белгилеген.

Өз кезегинде Трамп да сүйлөшүүнү позитивдүү баалап, Украинадагы согушта кыска мөөнөттүү тыныгуу зарылдыгын көтөргөнүн айткан. Ал мындай кадам ишке ашышы мүмкүн экенине ишеним билдирип, негизги көңүл украин багытына бурулганын кошумчалаган.

Ал эми Иран маселеси боюнча Ушаковдун айтымында, Путин АКШнын Ирандагы ок атышууну токтотуу режимин узартуу чечимин колдоп, ошол эле учурда бул өлкөгө кургактагы аскер киргизүү кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгилеген. Трамп болсо Путин Ирандын байытылган уран маселесин чечүүнүн айрым варианттарын сунуштаганын, бирок биринчи кезекте Украинадагы жаңжалды токтотууга көңүл буруу маанилүү экенин айтканын билдирген.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар