Башкы беткеКоомЛейлектин Катран айылында таза суу системасы курулууда

Лейлектин Катран айылында таза суу системасы курулууда

Лейлек районунун Катран айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери башталды.

Маалыматка ылайык, долбоор Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан жүзөгө ашырылууда. Негизги максат — айыл тургундарын коопсуздук стандарттарына жооп берген туруктуу жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу.

Долбоордун алкагында ар бир үйгө суу киргизүү каралып, бул жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Курулуш иштерин 2027-жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин Катран айылынын 7 миңден ашуун тургуну таза жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз болот.

Бул өз кезегинде аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга олуттуу салым кошот.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар