Башкы беткеМинистрлер кабинетиАк-Талаада жүгөрү айдоо кайра жанданды

Ак-Талаада жүгөрү айдоо кайра жанданды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда жүгөрү айдоо акыркы жылдары кайрадан колго алына баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери активдүү жүрүп жатат. Райондун жалпы айдоо аянты 15 216 гектарды түзөт.

Пландалган айдоо көлөмү төмөнкүчө:

– буудай — 2208 га

– арпа — 3025 га

– сулу — 8 га

– сафлор — 129,5 га

– жүгөрү — 7 га

– картошка — 198 га

– жашылча — 70 га

– көп жылдык чөп — 10 317 га

Белгилей кетсек, Ак-Талаа районунда дээрлик 30 жылдан бери жүгөрү айдалбай келген. Акыркы эки жылда бул өсүмдүктү кайра айдоо жанданып, тармак акырындык менен өнүгүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар