Башкы беткеКоомЧукул билдирүү! Сел жүрүшү мүмкүн

Чукул билдирүү! Сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 30-апрель түштөн кийин, ошондой эле 1–2-май күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт.

ӨКМ бул учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертет.

Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоо, дарыя жээктерине жакындабоо жана тоолуу аймактарда этият болуу сунушталат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар