Башкы беткеПрезидентСанариптик өнүктүрүү министрлиги Президенттин Иш башкармалыгына кошулат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Президенттин Иш башкармалыгына кошулат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, өлкөдө мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттык сактоо жана экономика тармактарына заманбап санариптик технологияларды кеңири киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт. Ошол эле учурда бизнес үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу негизги багыттардын бири катары белгиленди.

Жарлыкка ылайык, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Президенттин Иш башкармасына кошуу жолу менен кайра уюштурулат. Мекеменин бардык функциялары, ресурстары жана түзүмдөрү жаңы башкаруу системасына өткөрүлүп берилет.

Президенттин Иш башкармасы санариптик саясатты ишке ашырууда негизги координациялоочу орган болуп, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтердин ишин бирдиктүү негизде алып барат. Ошондой эле санариптик кол тамга, идентификация системалары, жасалма интеллект, инновациялык технологиялар жана байланыш тармактарын өнүктүрүү боюнча функциялар жүктөлөт.

Жарлык өлкөнүн санариптик трансформациясын тездетүүгө, IT тармагын өнүктүрүүгө жана бардык региондордо санариптик инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар