Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” курорттук долбоорунун алкагында жер участокторун сатуу боюнча аукциондун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы башталды.
Бул этапта “Жыргалаң” курорт аймагында туристтик жана инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн 19 лот сунушталууда. Аларга мейманканалар, апартаменттер жана ресторандарды куруу пландалган.
Аукцион онлайн форматта Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук соода аянтчасында өтөт. Катышууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, курулуш компаниялары жана туризм тармагындагы ишкерлер чакырылат.
Алдыңкы эки этапта 50 лоттун 31и сатылып, долбоорго болгон кызыгуу жогору экени байкалган.
Белгилей кетсек, “Ала-Тоо Резорт” — Борбор Азиядагы ири туристтик долбоорлордун бири. Ал инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.


