“Кыргызстандын аэропорттору” ААК жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча атайын акциялык кампания башталганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 1-майдан тарта жүргүнчүлөр үчүн бир тарапка болгону 1000 сом өлчөмүндө туруктуу тариф киргизилди. Бул чечим борбор менен Нарын облусунун ортосундагы аба каттамдарын кыйла жеткиликтүү кылууга багытталган.
Демилге аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, ички туризмди өнүктүрүүгө жана алыскы аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзөт.
Акция 2026-жылдын 31-июлуна чейин күчүндө болот.
“Бишкек – Нарын багыты боюнча туруктуу тарифти киргизүү — аймактык авиацияны өнүктүрүү жана ички туризмди колдоо багытындагы маанилүү кадам. Нарын облусу уникалдуу жаратылыш потенциалына ээ. Бул демилге аркылуу көп адамдар аймакты жакындан таанып-биле алат деп ишенебиз”, — деди “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.


