Башкы беткеМинистрлер кабинетиМанас шаарында сел жүрүп, ондогон турак жайлар жабыркады

Манас шаарында сел жүрүп, ондогон турак жайлар жабыркады

30-апрелде саат 22:40 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Манас шаарында сел жүрүп, бир катар турак жайлар жана социалдык объекттер жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары 4 социалдык объектке жана 39 турак үйгө зыян келтирген. Анын ичинен 16 турак жайдын ичине сел суусу кирсе, дагы 23 үйдүн короолорун суу каптаган.

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери активдүү жүрүп жатат. ӨКМ тарабынан 69 куткаруучу тартылып, алар суу сордуруучу мотопомпалардын жардамы менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 125 кызматкер, 15 атайын техника жана жергиликтүү тургундардан 35 адам жардам көрсөтүүдө. Жалпысынан 229 адам кырсыктын кесепеттерин жоюу жана абалды тактоо иштерине катышууда.

Ошондой эле Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жетекчилиги алдында ыкчам штабдык жыйын өткөрүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар