Башкы беткеМинистрлер кабинетиТүзөтүлүүчү электрондук эсеп-фактураны тариздөө тартиби өзгөрдү

Түзөтүлүүчү электрондук эсеп-фактураны тариздөө тартиби өзгөрдү

Эсеп-фактураларды тариздөө жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Салык кызматы маалымдады.

Жаңы талапка ылайык, эми түзөтүлүүчү электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) тариздөөдө баштапкы жеткирүү датасы эмес, өзгөртүүгө негиз болгон жагдайлар келип чыккан күн көрсөтүлүүгө тийиш.

Буга чейин жеткирүүнүн баасы өзгөргөндө же келишим шарттарына өзгөртүү киргизилген учурда, түзөтүлүүчү ЭЭФте баштапкы жеткирүү датасы белгиленип келген.

Салык кызматынан белгилешкендей, бул өзгөртүүлөр «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасында маалыматтарды так жана туура эсепке алууну камсыз кылууга багытталган.

Мекеме салык төлөөчүлөрдү салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана аталган маалыматтык системада операцияларды туура чагылдыруу үчүн түзөтүлүүчү ЭЭФти тариздөөдө жаңы эрежелерди эске алууга чакырат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар