Садыр Жапаров “Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында (мамлекеттик жана жеке менчик формасына карабастан) акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтерин жогорулатууга тыюу салынат.
Бул чечимдин негизги максаты — билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын социалдык корголушун күчөтүү жана студенттердин укуктарын колдоо болуп саналат.
Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык кабыл алынды.


