Башкы беткеМаданиятОшто Жаштар театры ачылды

Ошто Жаштар театры ачылды

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэриясынын Жаштар театры расмий түрдө ачылып, алгачкы премьерасы көрүүчүлөргө сунушталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, театр өз ишмердүүлүгүн казак акыны Мукагали Макатаевдин чыгармасынын негизинде коюлган “Азыр деле сулуусуңбу, жашсыңбы?” аттуу мюзикл-драма спектакли менен баштады.

Театрга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата анын ысымы ыйгарылды. Бул чечим театрдын руханий багытын бекемдеп, анын улуттук жана дүйнөлүк маданий баалуулуктар менен байланышын чыңдоого багытталган.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар