Башкы беткеКоомГүлчөдө селдин кесепеттери толук жоюлду

Гүлчөдө селдин кесепеттери толук жоюлду

Гүлчө шаарында эки күн бою катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 96 үй-бүлө жабыркаган.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, төрт күндүн ичинде куткаруучулар жана коммуналдык кызматтар селдин кесепеттерин дээрлик толугу менен жоюшту.

Кырсыктын биринчи күнү эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчисинин орун басары келип, иштерди жеринде координациялады. Экинчи күнү министр өзү келип, абалды текшерген. Кесепеттерди жоюуга бардык керектүү күчтөр жана техника тартылды.

Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана анын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Жабыркагандар да алардын ыкчам жана уюшкандыкта иштешкенин белгилешти.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар