Башкы беткеКоомИИМ коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоону эскертти

ИИМ коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоону эскертти

Ички иштер министрлиги жарандарга коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертти.

Маалыматка ылайык, сейил бактарда, көчөлөрдө, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. Бул талаптарды бузган жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле коомдук тартипти бузган аракеттерге – уят сөздөрдү колдонууга, агрессивдүү жүрүм-турумга, чыр-чатактарды жаратууга, жарандардын тынчтыгын бузган аракеттерге жол берилбейт. Мындай укук бузуулар мыйзамда белгиленген тартипте караларын милиция эске салды.

Мындан тышкары милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, айланадагыларга урмат-сый менен мамиле кылууга жана мыйзам талаптарын аткарууга чакырды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар