Америкалык киноакадемия “Оскар” сыйлыгын ыйгаруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы талаптарга ылайык, жасалма интеллект (AI) жараткан актёрлор сыйлыкка талапкер боло албайт. «Variety» басылмасы жазгандай, номинацияга ролду чыныгы адамдар өз макулдугу менен аткарганы далилденген учурларда гана жол берилет.
“Эң мыкты сценарий” категориясына да адам тарабынан жазылган чыгармалар гана кабыл алынат. Эгер талаш жаралса, кино жаратуучулардан кошумча маалымат талап кылынат.
Мындан тышкары, актёрлор эми бир эле категорияда (башкы же экинчи пландагы ролдор)бир нече ролу үчүн бир убакта талапкер боло алышат.
Дагы бир өзгөртүүгө ылайык, бир өлкө же аймак “Эң мыкты чет тилдеги фильм” категориясында бир нече номинация ала алат. Ал үчүн тасма Берлин, Канн, Венеция кинофестивалдары сыяктуу эл аралык фестивалдардын башкы сыйлыктарын утушу керек. Сыйлык чыгармачыл топтун атынан режиссёрго тапшырылат.
Жаңы эрежелер кийинки “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинен тарта күчүнө кирет.


