Башкы беткеКоом“Кумтөрдүн” кызматкерлери көчкү алдында калган туристтерди куткарып калышты

“Кумтөрдүн” кызматкерлери көчкү алдында калган туристтерди куткарып калышты

Бүгүн, 4-майда саат 12:35те “Кумтөр” кенинин коопсуздук кызматынын диспетчердик бөлүмүнө туристтик гиддерден билдирүү түшкөн. Алар кенден 23 чакырым аралыкта кар көчкү алдында Италиядан келген беш турист калганын билдиришкен.

Окуя болгон жерге “Кумтөрдүн” куткаруу кызматы медициналык бригада менен дароо жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда “Кумтөрдүн” коопсуздук кызматы маалыматты ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирген.

“Кумтөрдүн” кызматкерлери дрондор менен аймакты алгачкы текшерүүдөн өткөрүшкөн. Италиялык төрт турист жеңил жаракат алып, стресс абалында болушкан. Аларга ошол жерде тийиштүү жардам көрсөтүлдү. Ошол эле маалда бешинчи туристтин жайгашкан жерин аныктоо боюнча издөө-куткаруу иштери башталган. Ал Саат 16:24тө табылган.

Туристтин ар кандай жеңил жаракаттары, анын ичинде моюндан жаракат алынганы аныкталган. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Абал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар