Таш-Рабат тарыхый эстелигинин үстүнө орнотулган темир чатыр коомчулуктун көңүл борборуна түштү. Туристтердин айтымында, бул конструкция байыркы кербен-сарайдын көрүнүшүн өзгөртүп, аны чарбалык имаратка окшоштуруп койгон.
Айрым пикирлерде азыркы замандын технологиялары таш курулуштарды сырткы көрүнүшүн бузбай эле коргоого мүмкүнчүлүк берери белгиленет. Алардын оюнча, эстеликти сактоодо ушундай ыкмалар колдонулса туура болмок.
Маданият министрлиги болсо бул иштер реставрациянын алкагында жүргүзүлүп жатканын билдирген. Маалыматка ылайык, орнотулган чатыр жана тосмолор убактылуу гана чара болуп саналат. Курулуш иштери бүткөндөн кийин алар толугу менен алынат.


