Башкы беткеКоомТаш-Рабаттагы реставрация боюнча расмий маалымат берилди

Таш-Рабаттагы реставрация боюнча расмий маалымат берилди

Таш-Рабат эстелигинде жүрүп жаткан реставрация иштерине байланыштуу социалдык тармактарда тараган айрым маалыматтар чындыкка дал келбей турганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эстелик бузулуу коркунучуна байланыштуу 2025-жылы реставрацияга алынган. Долбоор мыйзам жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүп, ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистер тартылган.

Учурда коюлган тосмо жана чатырлар убактылуу чаралар болуп, объектти коргоо жана иш жүргүзүү үчүн орнотулган. Реставрация аяктагандан кийин алар алынат.

Негизги максат — Таш-Рабаттын тарыхый келбетин сактап калуу.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар