Башкы беткеКоомБорбор калаада грэпплинг боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Борбор калаада грэпплинг боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Газпром балдарга дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси базасында грэпплинг ADCC боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, мелдеш өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүүдө.

Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Жеңүүчүлөр грэпплинг боюнча Азия чемпионатына жолдомо алышат.

Мелдештин негизги максаты — спорттун бул түрүн өнүктүрүү, спортчулар арасында тажрыйба алмашуу жана эл аралык мелдештерге мыкты балбандарды тандоо.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар