Ирандын борбору Тегеранда “Искусство жана согуш” аттуу согушка каршы сүрөт көргөзмө өтүп, ал жаштар арасында өзгөчө кызыгууну жаратууда. Көргөзмөдө поп-арт стилинде жаралган белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Алардын катарында Рой Лихтенштейн, Роберт Индиана жана Джеймс Розенквист сыяктуу авторлордун согушка каршы маанайдагы чыгармалары бар.
Бул эмгектер музейдин америкалык жана европалык заманбап искусство коллекциясынан алынган. Коллекция 1970-жылдары Ирандын акыркы шахынын жубайы Фарах Пехлеви тарабынан чогултулган жана ислам революциясынан кийин дээрлик коомчулукка көрсөтүлгөн эмес.
Көргөзмөдө өзгөчө көңүл бурдурган эмгектердин бири — Розенквисттин “F-111” коллажы. Анда согуштук учак, ядролук жарылуу жана баланын жүзү аркылуу аскердик өнөр жай сынга алынган.
Эксперттердин айтымында, мындай көргөзмөлөр азыркы геосаясий чыңалуу шартында коомчулукка тынчтык жана согуштун кесепеттери тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет.


