Непалдын борбору Катмандудагы Трибхуван атындагы эл аралык аэропортто Turkish Airlines авиакомпаниясына таандык учак конуу учурунда кырсыкка учурады.
Маалыматка ылайык, учак конуп жаткан учурда шассинин дөңгөлөктөрү күйүп кеткен. Окуядан кийин жүргүнчүлөр авариялык чыгуу аркылуу эвакуацияланып, өрт өчүрүүчүлөр жалынды тез арада өчүрүшкөн.
Жалпы 276 жүргүнчү жана 11 экипаж мүчөсү аман-эсен куткарылганы белгиленди.
Инцидент учуу-конуу тилкесинде болгондуктан, аэропорттун ишине убактылуу тоскоолдуктар жаралды. Учурда адистер аварияга кабылган учакты коопсуз жерге жылдыруу иштерин жүргүзүүдө.


