Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан жана Борбор Азия глобалдык кызыкчылыктардын чордонунда

Кыргызстан жана Борбор Азия глобалдык кызыкчылыктардын чордонунда

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарында өткөн «Кыргызстан жана Борбор Азия глобалдык кызыкчылыктардын чордонунда» аттуу форумга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш-чараны Эл аралык Берлин клубу, Германиянын глобалдык соода форуму жана Lenus Health GmbH компаниясы уюштурган. Форумда Текебаев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык климаты жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу баяндама жасады.

Өз кезегинде Германиянын глобалдык соода форумунун жетекчиси Эберхард Тремпель жана КМШ өлкөлөрү боюнча менеджер Наталья Ленчанка Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары менен бөлүшүштү.

Алар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар