Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дүйнөгө белгилүү италиялык “Bvlgari” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу “Ынтымак Ордо” билдирди.
Жолугушууга компаниянын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто жана корпоративдик каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директор Энрико Фрицци катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда өнөктөштүк мамилелерди түзүү, зергерчилик тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Данияр Амангельдиев өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу багытында реформалар жүрүп жатканын белгилеп, Кыргызстан дүйнөлүк бренддер менен кызматташууга ачык экенин айтты.
“Bvlgari” өкүлдөрү Кыргызстанга болгон кызыгуусун билдирип, өлкөнүн экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана конкреттүү багыттарды иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.


