Бүгүн Каракол шаарына 10 жаңы заманбап автобус алынып келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы автобустар Каракол–Бишкек, Каракол–Алматы жана Каракол–Ташкент багыттары боюнча каттамга чыгат. Алар алыскы сапарларга ылайыкталып, жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар менен жабдылган.
Жаңы унаалардын ишке кириши аймактагы транспорт мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жол жүрүүнүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле туристтер үчүн ыңгайлуулукту арттырып, туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, жакын арада дагы 20 жаңы автобус келери күтүлүүдө. Алар шаар ичиндеги каттамдарга чыгарылып, коомдук транспорт системасын жакшыртууга багытталат.


