Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдүн инфраструктурасын жакшыртуу иштери каралды

Ысык-Көлдүн инфраструктурасын жакшыртуу иштери каралды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрүп, анда «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026» эл аралык спорттук иш-чарасына даярдык көрүү, «Чаткал Резорт» улуттук долбоорун ишке ашыруу жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ишинин актуалдуу маселелери каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты Борбордук Азияда алгачкы жолу Кыргызстанда өтөрүн белгилеп, бул өлкөнүн туристтик жана инвестициялык потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көл облусунда өтө турган эл аралык спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле кеңешмеде Ысык-Көлдүн инфраструктурасын жакшыртуу жана уюштуруу иштерин өз убагында аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, кеңешменин алкагында тоо туризмин өнүктүрүүгө, заманбап туристтик инфраструктураны түзүүгө жана аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Чаткал Резорт» улуттук долбоорунун ишке ашырылышы талкууланды.

Ошондой эле Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин учурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер каралып, жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар