Башкы беткеКоомКыргызстанда жаанчыл күн

Кыргызстанда жаанчыл күн

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы суткада өлкөнүн жети облусунда тең туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым аймактарда нөшөрлүү жаан күтүлүп, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

Тоолуу унаа жолдорунда тайгак болуп, шамалдын ылдамдыгы күчөйт. Айрыкча Ысык-Көл жана Нарын облустарында катуу шамал болушу ыктымал.

Бишкек шаарында да маал-маалы менен жаан жаап, асманды булут каптайт. Ошентсе да абанын температурасы салыштырмалуу жылуу бойдон сакталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар