Башкы беткеДүйнөДүйнөдө токой аянты 40 млн гектарга кыскарды

Дүйнөдө токой аянты 40 млн гектарга кыскарды

2015-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта дүйнө жүзүндө токойлордун аянты 40 миллион гектардан ашыкка кыскарды. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат.

Документ 2017–2030-жылдарга карата токойлорду коргоо боюнча стратегиялык пландын алкагында даярдалып, дүйнөлүк токой ресурстарынын жарымынан көбүн камтыган 48 өлкөнүн маалыматтары талданган.

Эксперттер токойлордун азайышына жерди туура эмес пайдалануу, климаттын өзгөрүшү, токой өрттөрү, зыянкечтер жана мыйзамсыз кыюу негизги себеп болуп жатканын белгилешет. Ошондой эле бул тармакты каржылоонун жетишсиздиги да чоң көйгөй экени айтылат.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү токойлордун көп бөлүгү Россия, Бразилия, Канада, АКШ жана Кытай сыяктуу беш өлкөгө туура келет.

Ошол эле учурда айрым мамлекеттерде токойлорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мисалы, Россия 2018–2021-жылдары 1,7 миллион гектар токойду кайра калыбына келтирген.

БУУнун өкүлдөрү токойлорду коргоо үчүн саясий эрк жана жаңы каржылоо механизмдери керек экенин белгилешип, токойлорго инвестиция салуу келечек муун үчүн маанилүү экенин баса белгилешти.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар