Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө электромобилдер үчүн жаңы кубаттоочу станциялар курулат

Ысык-Көлдө электромобилдер үчүн жаңы кубаттоочу станциялар курулат

«Чакан ГЭС» ААК Ысык-Көл облусунда электрозаряддык станциялардын тармагын кеңейтүү иштерин баштады. Бул долбоор Энергетика министрлигинин “жашыл” технологияларды өнүктүрүү саясатынын алкагында ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев айылында Мамбетова жана Проектируемая көчөлөрүнүн кесилишинде үч кубаттоочу түзүлүш орнотуу үчүн жер иштери башталды. Ошондой эле аймактагы башка калктуу конуштарда жабдууларды орнотуу боюнча документтер даярдалып жатат.

Долбоор Ысык-Көлдүн негизги шаарларын жана туристтик аймактарын камтыйт. План боюнча Балыкчы жана Түп айылына төрттөн, Каракол, Чолпон-Ата, Бостери жана Кызыл-Суу айылдарына үчтөн станция орнотулат.

Адистердин айтымында, бул инфраструктура электромобилдерди колдонууга ыңгайлуу шарт түзүп, экологиялык таза транспортко өтүүнү колдоого багытталган.

Белгилей кетсек, 2025-жылы компания өлкө боюнча 10 электрозаряддык станцияны ишке киргизген. Алардын экөө Бишкекте, төртөө Бишкек–Торугарт жолунун боюндагы Кемин районунда жана дагы төртөө Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар