Министрлер Кабинети илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү токтом илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, окумуштууларды материалдык жактан стимулдаштыруу жана илим тармагындагы эмгек шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, илимий уюмдардын кызматкерлери үчүн президенттик компенсациялык төлөмдөр киргизилет. Административдик-башкаруучу жана негизги персонал үчүн кошумча төлөм 15 миң сомду, ал эми техникалык жана кенже персонал үчүн 5 миң сомду түзөт.
Мында компенсация бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча акыларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт. Кошумча төлөм иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн гана берилет. Эгер кызматкер толук ставкада иштебесе, төлөмдүн өлчөмү жумуш жүгүнө жараша пропорционалдуу түрдө аныкталат.
Финансы министрлигине 2026–2028-жылдарга республикалык бюджетти тактоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү кароо тапшырылды.


