Башкы беткеДүйнөКытайдын премьер-министри менен Эмомали Рахмон жолукту

Кытайдын премьер-министри менен Эмомали Рахмон жолукту

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бээжин шаарында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Сян менен жолугушту. Жолугушууда Эмомали Рахмон Кытай Тажикстан үчүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөш жана жакын коңшу мамлекет бойдон каларын белгиледи.

Тараптардын маалыматына ылайык, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 46%га өскөн. Ошондой эле 2007–2024-жылдар аралыгында Кытайдын Тажикстандын экономикасына салган инвестициясынын көлөмү 6 миллиард долларга жакындаганы айтылды.

Учурда Тажикстанда кытай капиталы менен иштеген 700дөн ашуун компания бар экени белгиленип, бул эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөтөрү айтылды.

Жолугушууда энергетика, жол куруу, өнөр жай, айыл чарба жана санариптештирүү тармактарындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле Тажикстанда эки өлкөнүн биргелешкен инновациялык агропаркын түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар