Башкы беткеКоомЖалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо болот

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо болот

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) кошумча каттоо 16-май жана 20-май күндөрү Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, каттоо тест өткөрүлө турган борборлордо (ЖРТ өтүүчү мектептерде) саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ар бир район же шаар боюнча каттоо жүргүзүлө турган жай тууралуу маалыматты мектептен же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн тактоого болот.

Сынак эки этап менен өтөт:

I этап: 17, 18, 19-май;
II этап: 21, 22, 23-май.

ЖРТга кире турган 16 жаштан жогору бардык абитуриенттер өздөрү менен паспорттун түп нускасын, тестке кирүү талонун жана көк сыялуу калемди кошо алып жүрүүгө милдеттүү:

Эске салсак, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлгөн электрондук документтер ЖРТга кирүүгө жарактуу документ катары кабыл алынбайт. Себеби тест учурунда абитуриентке уюлдук телефон же башка электрондук байланыш каражаттарын алып жүрүүгө тыюу салынган. Танапис маалында дагы телефондорду (өзүнүн, ата-энесинин же тааныштарыныкын) жана смарт-сааттарды электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүү үчүн колдонууга уруксат берилбейт. Андыктан борбордо накталай акча же банк картасын алып жүрүү сунушталат.

2012-жылдан тарта ЖРТ менчик түрүнө карабастан республиканын бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар