Бүгүн, 12-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасында болуп, пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында көмүр кампасындагы отундун кору, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин абалы каралды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү мекеме жетекчилери борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык графикке ылайык жүрүп жатат. Оңдоо иштерине жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды жаңылоо кирет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары калкты жана экономика тармактарын үзгүлтүксүз жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу мамлекеттик артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга көмүрдүн керектүү көлөмүн камсыздоо жана жабдууларды кышкы жүктөмдөргө толук даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.


