Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы негизги талаптар жана артыкчылыктуу багыттар талкууланды.
Анда оор курулуш техникаларынын жолдорго тийгизген таасири, объекттердеги техникалык коопсуздук, санитардык нормаларды сактоо, шаар куруу кеңешинин талаптарын аткаруу жана курулуш аймактарындагы тазалык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары мыйзам талаптарын, техникалык коопсуздук эрежелерин жана шаар куруу нормаларын так сактоого милдеттүү экенин белгиледи.
Ошондой эле министр курулуш иштери жарандардын коопсуздугуна, шаардык инфраструктурага жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеши керектигин айтып, тармактагы көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.


