Японияда дүйнөдө биринчи жолу бардык илимий жана медициналык изилдөөлөрдү роботтор жүргүзгөн лаборатория ишке кирди. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги маалымдады.
Өзгөчө лаборатория Токио илим изилдөө институтунун базасында ачылып, анда жалпы 10 робот иштейт. Алардын негизгилеринин бири — эки колдуу гуманоид-робот Maholo. Ал реагенттерди так өлчөмдө аралаштырып, температуралык режимди талап кылган татаал жабдуулар менен иштей алат.
Мындан тышкары, роботтор клеткаларды өстүрүү жана лабораториялык эксперименттерди жүргүзүү иштерин дагы аткарышат. Долбоордун авторлорунун айтымында, мындай система адамдык фактордун таасирин азайтып, изилдөөлөрдүн тактыгы менен ылдамдыгын жогорулатат.
Адистер роботтоштурулган лабораториялар келечекте кадр тартыштыгы көйгөйүн чечүүгө дагы жардам берерин белгилешүүдө. Учурда долбоорду кеңейтүү пландалып, 2040-жылга чейин лабораторияларда колдонулган роботтордун саны 2 миңге жетиши мүмкүн экени айтылды.


