Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түркиянын “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу, айрыкча кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Адылбек Касымалиев Түркия акыркы жылдары күн жана шамал энергиясын өндүрүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкенин белгилеп, Кыргызстан бул тажрыйбаны колдонууга жана заманбап технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтты.
Өз кезегинде “RHOFA Energy” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандагы экономикалык өзгөрүүлөргө кызыгуу өсүп жатканын белгилеп, энергетика жана инвестиция багытында кызматташууга даяр экенин билдиришти. Маалыматка ылайык, жакын арада компаниянын Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңири каралат.


