Башкы беткеДүйнөАКШнын Жакынкы Чыгыштагы согуш чыгымы 30 миллиарддан ашты

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы согуш чыгымы 30 миллиарддан ашты

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Конгрессте Жакынкы Чыгыштагы согуштун чыгымы жана курал-жарак кору боюнча суроолорго жооп берди.

Пентагондун маалыматына ылайык, аймактагы аскердик операцияларга кеткен чыгым 29 миллиард долларга жетип, эки жума ичинде дагы 4 миллиард долларга өскөн. Каражаттын негизги бөлүгү ок-дарыларды толуктоого жана техникаларды оңдоого жумшалган.

Пит Хегсет АКШнын курал кору түгөнүп жатат деген маалыматтарды четке кагып, Вашингтон курал өндүрүшүн көбөйтүү үстүндө иштеп жатканын билдирди. Конгрессте айрым мыйзам чыгаруучулар Иран менен болгон жаңжал АКШнын узак мөөнөттүү аскердик даярдыгына таасир этиши мүмкүн экенин айтышты.

Ошол эле учурда Ормуз кысыгындагы чыңалуу дүйнөлүк мунай жана газ рыногуна таасир этип, энергия бааларынын өсүшүнө себеп болууда.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар