2022-жылдан бери Кыргызстанда “Социалдык келишим” программасынын алкагында 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, программа ишке киргенден бери 48 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн. Анын негизинде мамлекет жеке ишкердикти баштоо үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет.
Министрликтин маалымдашынча, долбоордун аркасында 228 миңден ашуун жарандын жашоо шарты жакшырган. Келишимдердин көпчүлүгү айыл чарба багытындагы ишкерликке байланыштуу түзүлгөн.
Быйылкы жылдын алгачкы үч айында 607 үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жалпысынан 2026-жылы программага 13 миңден ашуун үй-бүлө катышары күтүлүүдө.
Мындан тышкары, акыркы эки жылдан бери социалдык келишимдин катышуучуларына ишкердикти өнүктүрүү үчүн 200 миң сомго чейин үч жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берүү механизми дагы иштеп жатат.


