Башкы беткеКоомЖаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу боюнча тегерек стол өттү

Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу боюнча тегерек стол өттү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу: билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын кызматташтыгы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, университеттин окутуучулары жана студенттер катышты.

Талкуунун жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү коррупциянын мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдогу адилеттүүлүккө тийгизген терс таасири тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экени белгиленип, бул процессте жаштардын ролу өзгөчө маанилүү экени айтылды.

Катышуучулар коррупцияга каршы коомдук аң-сезимди калыптандыруу жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча пикир алышып, жыйынтыгында тиешелүү резолюция кабыл алышты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар