Тажикстан менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында эки өлкө ортосунда жаңы 31 кызматташтык документи кабыл алынды. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ар тараптуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле “Түбөлүк достук, коңшулук жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюшту.
Жолугушууда “Түбөлүк достор, эч качан душман эмес” деген принцип негизги ураан катары белгиленди. Кол коюлган документтердин арасында жасалма интеллект, санариптик соода, мамлекеттик каржыны башкаруу, “жашыл” минералдык ресурстар, экспорт, билим берүү жана илимий-техникалык инновациялар боюнча меморандумдар бар.
Ошондой эле тараптар Тажик-Кытай жасалма интеллект борборун түзүү, “Кулма” өткөрмө бекетин модернизациялоо жана эки өлкөнүн ишкерлер кеңешин түзүү боюнча макулдашышты.
Мындан тышкары, 2026–2028-жылдарга карата инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар пландар кабыл алынды.


